Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады
17.11.2024 | 20:24
Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Өлкөдө саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылып, добуш берүү аяктады.
Саясий өнөктүккө карата 2437 шайлоо участкасы иштеди. Ошондой эле жалпы 10 шайлоо участкасында шайлоочулар үчүн аралыктан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер – 2 000 528 (48,38%), аялдар – 2 134 511ге (51,62%) жетти.
Жалпысынан 33 шаардык кеңештеги 993 депутатка жана 231 айылдык кеңештеги 5391 депутатка добуш берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар