Быйыл 9 айда Кыргызстандан чет жакка 4,4 млн долларга сыр экспорттолду

18.11.2024 | 11:13

Быйыл 9 айда Кыргызстандан чет жакка 1525,5 тонна сыр экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Анын баасы 4 млн 417,1 миң долларды түзгөн.

1 кг сыр жасоо үчүн 13-20 литр сүт кетет.

“Кыргызстанда жасалган продукция өзүнүн экологиялык жактан таза болгондуктан, ага болгон суроо-талап жыл сайын өсүп келет”, – деп айтылат маалыматта.

Scroll to Top