Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Быйыл 10 айда Өзбекстанга Кыргызстандан 1,87 млн киши барган
20.11.2024 | 16:29
Быйыл 10 айда Өзбекстанга Кыргызстандан 1 млн 870,3 миң турист барганын коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Аталган мекеменин маалыматы боюнча, жыл башынан бери октябрь айына чейин аларга 6,5 млн турист келген. Эң көп саякатчы Тажикстандан барган. Экинчи орунда Кыргызстан турат.
Өзбекстанга туристтик максатта барган чет өлкөлүктөр:
- Тажикстан – 1 млн 878,5 миң киши;
- Кыргызстан – 1 млн 870,3 миң адам;
- Казакстан – 1 млн 267,5 миң киши;
- Россия – 686,7 миң адам;
- Түркмөнстан – 145 миң киши;
- Түркия – 95,7 миң адам;
- Кытай – 57,7 миң киши;
- Индия – 55,9 миң адам;
- Түштүк Корея – 36,5 миң киши;
- Италия – 36,3 миң киши;
- башка мамлекеттер – 366,6 миң адам.
https://reporter.kg/byjyl-9-ajda-kyrgyzstanga-ozbekstandan-21-mln-kishi-kelip-ketken/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом