8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдадыПрезидент жол эрежесин бузгандардан жеринде тест алуу боюнча мыйзам долбоорду эмнеге артка чакыртканын түшүндүрдүЖайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалды
“Арал” жана “Сосновка” постторунда жүк ташыган чоң унаалар өткөрүлө баштады
21.11.2024 | 10:08
Бишкек – Ош жолундагы “Арал” жана “Сосновка” постторунда жүк ташуучу чоң унаалар үчүн чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Чектөө бүгүн саат 08:30да алынган.
“Белгилей кетсек, кечээ, 20-ноябрда кечке маал Бишкек – Ош жолунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында чоң унааларга убактылуу чектөө киргизилген”, – деп билдирет министрлик.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом