УКМК: Ташиевге кайрылган эже-сиңдинин маселеси чечилди

УКМК: Ташиевге кайрылган эже-сиңдинин маселеси чечилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармак аркылуу жардам сурап кайрылган эже-сиңди менен жолукту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-ноябрда 20 жаштагы Асел Максатбекова жана 12 жаштагы Асыл Максатбекова кайрылуу жасап, атасы 2005-жылы жол кырсыгынан көз жумганын, апасы 2023-жылы узакка созулган оорудан каза болгонун, эми ата-энесинен калган Чымкент 40 дарегиндеги үйүн бир адамдар талашып жатканын айткан.

Аталган маселени териштирүү учурунда аныкталгандай, кыздардын апасы Н. Давлетбекова аталган үйдө 2001-жылдан бери жашап келген. 2008-жылы ал тамды үйдүн ээси Н. Сапегинден 3 миң долларга сатып алган. Алар келишим түзүп, мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүшкөн. Документтер Мамлекеттик каттоо кызматына тапшырылып, бирок белгисиз себептерден улам ал каттоодон өткөрүлгөн эмес. Ошол эле учурда алардын архивинде келишим сакталып калган.

Сапегин 2021-жылы көз жумгандан кийин анын жубайы менен кызы мураскор катары үйдү алууга аракет кылып, өз аттарына каттаткан. Андан соң аны К. Абыканова аттуу аялга сатышкан. Тамды алган аял кыздарды үйдөн чыгуусун талап кылган.

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматы аталган үйдүн документтерин өз убагында каттабай, одоно ката кетиргенин, анын айынан үй кайра сатылып кеткенин белгилейт.

Эже-сиңди жашаган тамдын жанында көп кабаттуу үй салынып жатканын эске алуу менен алардын турак жай маселесин чечүү тапшырмасы берилген. Андан кийин курулуш компания менен эже-сиңдиге 3 бөлмөлүү эки батир берүү маселеси сүйлөшүлгөн.

Бул маселе УКМКнын төрагасынын тапшырмасы менен атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат.

УКМК эже-сиңдинин турак жай маселеси чечилгенин билдирди.

Эже-сиңди маселесин тез арада чечип бергени үчүн УКМКнын жетекчилигине ыраазычылык айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>