КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Токтогулда тургун билбестиктен милицияга баңгизат саткан
21.11.2024 | 17:11
Жалал-Абад облусунда баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга Токтогулдун тургуну көп жылдан бери баңгизат сатып, сактап жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Ал маалымат текшерилип, жыйынтыгында 282-берене (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция аталган жарандан бир нече ирет баңгизат сатып алган (контролдук сатып алуу).
Натыйжада шектүү катары 30 жаштагы жаран (Ж.К. уулу) кармалган.
Экспертизанын жыйынтыгына ылайык андан алынган заттар “нашаа” жана “марихуана” болуп чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом