Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Ала-Букада тургун алтын издеп жайыт жерди бузган
21.11.2024 | 15:47
Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда тургун алтын издеп жайыт жердин кунарлуу катмарын бузган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Ала-Буканын Сарча тилкесинде А.Н. аттуу жаранга акимчилик тарабынан чачыранды алтын казып алууга күбөлүк берилген. Күбөлүк 0,5 гектар жерди иштетүүгө берилгени менен тургун андан тышкары 0,34 гектар жерди казып салып, жайыт жердин кунарлуу катмарын бузган.
Натыйжада жер катмарын бузганы үчүн ага 261 миң 120 сом доо коюлуп, Укук бузуулар кодексинин 241-беренесине (Күрдүү кыртыштын катмарын алуу, сактоо жана жаткыруу шарттарын аткарбоо) ылайык 5,5 миң сом айып салынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом