Ош шаарынын башкы планы иштелип чыгатОш шаарында бузулган базардын ордуна парк курулатБишкекке 95 кытай автобусу келет. Жунушалиев алардын бирөөсүн көрсөттү«Бул эмне тешик?» Кара-Кулжада Жогорку соттун төрагасынын сынынан кийин сырттагы ажаткана алмаштырылатПарламенттик шайлоо: 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылатӨкмөт башчы менен ЕРӨБдүн вице-президенти энергетика, инфраструктура боюнча долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты
Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт
21.11.2024 | 17:27
Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 26-ноябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
Таймаштар өтө турган салмактар:
Эркектер: 60, 70 , 80, 90, 100, +100 кг;
Кыз-келиндер: 55, 60, 65, 70, 75, +75 кг.
Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Алыш бел боо күрөшү боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда. Ал мурдагы өкмөт башчы Апас Жумагуловдун 90 жылдык маарекесине арналып өткөрүлөт.