Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 3-ноябрда болжол менен саат 16:30да эки киши 40 жаштагы жаранды тапанча менен коркутуп, ур-тепкиге алып, 14 миң сом акчасын жана 21 миң сомдук Redmi телефонун тартып алышкан. Аталган жаран милицияга арыз жазып, аны карактаган адамдардын атын атаган.
Бул факт боюнча «каракчылык» беренеси менен кылмыш иш козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 41 жаштагы (С.К.) жана 29 жаштагы (И.Р.) эки жаран кармалган. Алардын бири – 41 жаштагы С.К. кримчөйрөдө «Кундузбек» деген каймана аты менен белгилүү, мурда соттолгон жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болуп саналат.
Соттун чечими менен алар №1 тергөө абагына камакка алынды.
29 жаштагы шектүүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, пневматиалык тапанча табылып алынган. Ал эми 41 жаштагы шектүү кылмыш дүйнөсүнүн идеяларынан баш тартарын, мыйзам сактап жашай турганын билдирген.