УКМК: Жээнбеков мыйзамсыз менчиктеп алган пансионат мамлекетке кайтарылды

22.11.2024 | 18:00

Ысык-Көлдөгү “Асыл-Таш” пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, саясатчы Равшан Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетин жетектеп турганда 2002-жылы буйрук чыгарып, анын негизинде 13,33 га жери бар “Асыл-Таш” пансионаты анын тааныш-билиштерине 12 млн 703 миң сомго сатылган. Азыркыга чейин ал Жээнбековдун жакындарынын атына катталып, чыныгы ээси ал өзү болгон.

Пансионаттын баасы 1 млрд сомго бааланууда.

Учурда пансионаттын айланасындагы, мурда ага караштуу болгон жана кийин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен объекттерди мамлекетке кайтаруу иштери жүрүүдө.

Scroll to Top