Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Канатбек Исаев 4-декабрга чейин камалды
23.11.2024 | 08:38
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канат Исаев 4-декабрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечим Октябрь райондук сотунда кабыл алынды.
Саясатчыга Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду. Ал эми анын адвокаты Бакыт Осмоналиев Исаев коюлуп жаткан күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев УКМК тарабынан 20-ноябрда кармалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар