Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басарлары алмашты
23.11.2024 | 10:21
Омельченко Клим Сергеевич санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары, ал эми Жусупмамбетова Рахат Жусумамбетовна министрдин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ал буга чейин министрликке караштуу “Түндүк” Мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары кызматын аркалаган.
Бүгүн президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азат Ибраимов тарабынан жаңы дайындалган орун басарларды министрликтин жамаатына расмий тааныштырылды.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин тескемеси менен Жумалиев Жумамүдүн Болотбекович санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар