«Азия Моллдун» жанындагы авто кырсыкта 3 жаштагы кыз каза болдуКамчыбек Ташиев эмгек сиңирген артист Хабибилла Азиреткуловго Бишкектен батир тапшырдыСадыр Жапаров Ош жана Новопокровкадагы кырсыктарда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айттыОшто өрттөн 5 баласы менен каза болгон аялдын күйөөсү Түштүк Кореяда иштеп жүргөнИИМ сексуалдык ыдык үчүн камакка алуу жазасын киргизүүнү сунуштадыБишкекте бир суткада 50 айдоочу айдоочулук күбөлүксүз унаа башкарганы үчүн кармалды
Кантта кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир адам каза болду
23.11.2024 | 15:08
Кант шаарында кагаз чыгаруучу ишканадан чыккан өрттөн бир кытай жараны каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн таңга жуук Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 04:49дан тарта 4 күжүрмөн эсеп, 5 өрт өчүрүүчү жана 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынып, 15:37де өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар