Кыргызстанда 10 ай ичинде үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 447 кылмыш иши козголгонун ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы билдирди.
Аймактар боюнча:
— Чүй облусу — 123,
— Жалал-Абад облусу — 90,
— Ош облусу — 72,
— Ысык-Көл облусу — 59,
— Бишкек — 48,
— Баткен облусу — 22,
— Нарын облусу — 13,
— Ош шаары — 13,
— Талас облусу — 7.
Анын ичинен 276 иш сотко жөнөтүлгөн. 133 материал боюнча сотко чейинки өндүрүш токтотулган, 38 материал өндүрүштө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз