Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Кыргызстандын бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүүдө
20.10.2025 | 11:22

Бүгүн, 20-октябрда, өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында үч аралыктан добуш берүү тилкеси ачылды — алар «Дордой» базарында (Алкан базары), «Азия Моллдо» жана «Дордой Плазада» жайгашкан.
БШК шайлоо процессинин бардык катышуучуларын тесттик добуш берүүгө катышууга чакырып, жарандар каалаган тилкеге келип жаңы системаны жеке сынап көрө алышарын белгиледи.
Эске салсак, тесттик аралыктан добуш берүүнүн биринчи этабы 10-октябрда өткөн. Кийинки этап 30-октябрда өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом