Соттолгон адамды абактан мыйзамсыз бошоткон деп үч сот кармалды

Соттолгон адамды абактан мыйзамсыз бошоткон деп үч сот кармалды

Соттолгон адамды абактан мыйзамсыз бошоткон үч сот кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызмат билдиргендей, Жалал-Абадда 42 жаштагы жаран (Х.С.С.) шаардык сот тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо (2017-жылдагы редакция) боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин айыпталуучу облустук сотко апелляция менен кайрылып, ал ишти соттор Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. караган. Алар кылмыштын беренесин негизсиз өзгөртүп, айыпталуучуну 268-берене (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча 8 жылга абакка кескен. Ошол эле учурда уулу 14 жашка толгондон кийин жазасын өтөй баштайт деп мыйзамсыз өкүм чыгарган. Бирок анын уулу чет мамлекетте жашап, баланы апасы баккан.

Жыйынтыгында айыпталуучу (Х.С.С.) камактан бошоп, укук коргоо органдарынан изин жашырып кеткен.

Кармалгандар Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына 1 айга камакка алынды.

Аларды кармоого Соттор кеңеши макулдугун берген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>