Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Грек-рим балбандары Кореядагы мелдеште 3 медаль утту
25.11.2024 | 14:39
Кыргызстандын грек-рим балбандары Кореядагы эл аралык мелдеште 3 медаль утту.
Байгелердин бирөө алтын, экөө күмүш. Алтын байгени Мелис Айтбеков (97 кг) утса, күмүш медалды Нурмамбет Райымалы уулу (97 кг) жана Эрлан Манатбаев тагынды.
Белгилей кетсек, Айтбеков менен Райымалы уулу экөө бир салмакта күрөшүп, финалга чыккан. Нурмамбет Райымалы уулу кичүү болгондуктан, алтын байгени талашпастан, жеңишти Мелис Айтбековго берген.
Ушул эле мелдеште Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары 4, балбан кыздар 2 медаль уткан.
https://reporter.kg/kyrgyzstandyk-balban-kyzdar-koreyadagy-meldeshte-2-medal-uttu/