Тыныбекова саясатка аралашкысы келбейт, машыктыруучу болору арсар

Тыныбекова саясатка аралашкысы келбейт, машыктыруучу болору арсар

Балбан кыз Айсулуу Тыныбекова саясатка аралашкысы келбейт. Бул тууралуу ал УТРК Спорт каналына курган маегинде билдирди.

Тыныбекова бир кездери машыктыруучу болгусу каалаган. Бирок машыктыруучуларынын жумушун көрүп, алардын эмгеги баалана бербейт деген ойго келген.

«Ошондуктан спортчулар алардын мээнетин, эмгегин, короткон алтындай болгон убактысын баалап, билип жүрүшүбүз керек», — дейт ал.

Ал мүнөзү катуу болгондуктан, көп спортчулар ага чыдабашы мүмкүн экенин айткан.

«Мен бир жумуш баштасам, аягына чейин бүткөрүп, чыгарышым керек. Ошол эле учурда чоң талап коем. Көбү менин мүнөзүмө чыдабай кетиши мүмкүн деп ойлойм», — дейт ал.

Тыныбекованын айтымында, ал өзүн кичинекей балдар менен машыктыруучу катары иштешкенин элестете албайт. Ошол эле учурда эс тартып, спорттогу көздөгөн максатын билип калган спортчулар менен иштешиши мүмкүн.

«Мен өзүмдүн, спортчунун да убактысын текке кетиргим келбейт. Эки жак тең түшүнүү менен жана бир максатты көздөй бет алса, жыйынтык болот деп ойлойм. Кээ бирөөнүн максаты аксап турса, өзүнө ишенбей жатса, спортчунун каалоо-тилеги анчалык болбой турса, ошол эле учурда мен эле «жасай аласың, болот» деп айтып турсам, ийгилик дагы жаралбай калышы мүмкүн», — дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>