Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Кара-Балтада айдоочу “бейбаштыкка” шектелип кармалды
27.11.2024 | 17:28
Чүйдүн Кара-Балта шаарында айдоочу “бейбаштыкка” шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, бүгүн, 27-ноябрда түштө Кожомбердиев көчөсү менен бараткан «Мазда-6» унаасынын 35 жаштагы айдоочусу (К.А.) жөө өтмөктөн өтүп бараткан жигитке (Н.Д.) батыраак өтсүн деп эскертүү берген. Андан кийин айдоочу жана аны менен бараткан киши (Д.Э.) берки жигит менен кайым айтыша кетип, мушташ чыккан. Натыйжада жигит тез жардам менен ооруканага жеткирилген.
Аталган факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Шектүү катары 35 жаштагы К.А. кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.