Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Бостериде өрттөнгөн үйдөн эки баланы куткарган майор медаль менен сыйланды
27.11.2024 | 18:00
Ысык-Көлдүн Бостери айылында өрттөнгөн үйдөн эки баланы куткарган милициянын майору Бакытбек Максүтов “Каармандык” медалы менен сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Эске салсак, окуя 17-ноябрь күнү түшкө жуук болгон. Бостери айылындагы көп кабат үйдөгү батирден өрт чыккан. Бакытбек Максүтов үйдүн ичинен балдардын үнүн угуп, дароо жардамга чуркаган. Ал башка тургундардын жардамы менен 4 жана 9 жаштагы эки баланы үйдөн алып чыккан.
Балдарды куткарган милиция кызматкерине ИИМ тарабынан “Каармандык” медалы ыйгарылып, аны Бакытбек Максүтовго бүгүн, 27-ноябрда облустук милициянын башчысы Мурат Боронов тапшырды.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом