Транспорттук прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин 9 кызматкер тартиптик жазага тартылды

Транспорттук прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин 9 кызматкер тартиптик жазага тартылды

Быйыл тогуз айда Кыргыз транспорттук прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен 9 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылган. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Транспорттук прокуратура тогуз айда 9 текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 17 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды четтетүү боюнча 8 сунуштама берилип, 9 жооптуу кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылган.

Ошондой эле Кыргыз транспорттук прокуратурасына жарандардан 82 кайрылуу келип түшкөн. Алардын ичинен 28 кайрылуу канааттандырылып, 32си боюнча түшүндүрмө берилип, бешөө четке кагылган. Дагы 17 кайрылуу тиешелүүлүгү боюнча башка органдарга жөнөтүлгөн.

Кыргыз транспорттук прокуратурасынын жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан 17 жаран жеке кабыл алынган.

Жарандардын кайрылуулары жер, эмгек мыйзамдарына жана башка маселелерге тиешелүү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>