Кыргызстандын ИДПсы тогуз айда 10,8% өстү: экономиканын негизги көрсөткүчтөрү«Дордойдогу» өрт: 25 контейнер жабыркап, кылмыш иши козголдуКыргызстанда ажырашкандан кийин мурдагы жубайын үй менен убактылуу камсыздоого милдеттендирүү каралуудаУКМК «НЭСКтин» эки кызматкерин пара алуу боюнча кармадыКыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы бекитилдиКыргызстанда 2027-жылдан тарта социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүү сунушталууда — кимдерге жана канчага?
Жогорку Кеңеш мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салган мыйзам кабыл алды
28.11.2024 | 10:28
Жогорку Кеңеш мектептерде ата-энелерден мажбурлап акча чогултууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап, кабыл алды.
Мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Миргүл Темирбаеванын айтымында, сунушталган мыйзам боюнча мажбурлап акча чогулткан жарандарга 10 миң сом, юридидикалык жактарга 30 миң сом айып каралган
Ошол эле учурда, депутат билдиргендей, ишкерлер же колунда бар адамдар, анын ичинде ата-энелер өз каалоосу менен мектепке акчалай жардам берем десе, мыйзам ага тыюу салбайт.
Бул мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом