Камчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын сүрдүрүүнү тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди«Мугалим буюм эмес». Кесиптик бирликтер Садыр Жапаровго Эдил Байсаловдун үстүнөн арыздандыЧүйдө аялын сабап, өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Кафеге тамак ичкени келген жаран 390 миң сомун уурдаткан (видео)
28.11.2024 | 13:24
Бишкекте кафеге тамак ичкени келген жаран 390 миң сомун уурдаткан. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Окуя 20-ноябрда кечинде болгон. 30 жаштагы жаран кафеде тамак ичип отурганда, белгисиз адам анын барсеткасынан 390 миң сомун уурдап кеткен. Ал милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 40 жаштагы жаран (А.О.) кармалган.
Милиция кармалган жарандын башка уурулук иштерине тиешси бар экенин билдирип, андан жабыркагандар болсо, 0705 310 931, 0505 919 149, 0707 707 776 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.