Талас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салынды
Бир жумада өлкөдө 253 мас айдоочу кармалды
03.12.2024 | 11:05
Кыргызстанда бир жумада 253 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-ноябрдан 1-декабрга чейин өлкөдө 20 миң 57 жол эреже бузуу катталып, 2 миң 22 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 858;
- Мас абалында унаа айдагандар – 253;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар – 74;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 369;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 261;
- Автоээнбаштык – 3;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 594;
- Башка жол эреже бузуулар – 12 миң 14;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом