«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Ысык-Көлдөгү чокуну «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо пландалууда
03.12.2024 | 10:26
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети Ысык-Көлдөгү тоо чокуну «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
Аталган чоку Ак-Суу районунда Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрге жетет.
Бул мыйзам долбоору президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.
Документте айтылгандай, Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом