Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөй койгон айдоочу кайгуул кызматкери менен чырдашты (видео)
04.12.2024 | 13:57
Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөй койгон айдоочу кайгуул кызматкери менен чырдашты.
Белгилүү болгондой, 3-декабрда соцтармактарга айдоочу тез жардам унаасынын айдоочусу жана фельдшерлер менен чырдашып жатканы тартылган видео тараган.
Кайгуул кызматкерлери ал айдоочуну (Ж. Осмон уулу) таап, Биринчи май райондук милициясына өткөрүп берген.
Биринчи май райондук милициясы билдиргендей, 43 жаштагы Осмон уулуна “майда бейбаштык” беренеси менен протокол түзүлүп, камакка алынды.
Эми ага 5,5 миң сом айып салынат же 30-40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат, болбосо үчтөн беш күнгө чейин камакка алынат. Бул боюнча сот чечим кабыл алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом