Ысык-Көлдө масштабдуу ILBIRS FEST 2025 экологиялык фестивалы өтөтЫсык-Көлдө инвестициялар талкууланат: Кыргызстан менен Германия ири бизнес-форум өткөрөтАКШ 69 өлкө үчүн импорттук тарифтерди киргиздиӨКМ эскертет: Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлүүдөТажикстан Афганистанга электр энергиясын экспортоону чектейтСадыр Жапаров Казакстандын Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну Чолпон-Атада кабыл алды
Аксыда 65 жаштагы жаран мал уурдоого шектелип кармалды
05.12.2024 | 14:18
Жалал-Абаддын Аксы районунда 65 жаштагы жаран мал уурдап, союп сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, Аксыда бир тургундун баасы 85 миң сом болгон букасын белгисиз адамдар уурдап кеткен.
Аталган факт боюнча “мал уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 65 жаштагы жаран кармалды. Ал кылмышты жашыруу максатында союлган малдын этин короосундагы жерге көөмп жатканда колго түшүрүлгөн.
Учурда анын башка уурулук фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.