Эрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсизДональд Трамп Газадагы жаңжалдын аяктаганын жарыяладыКөтөрүп чапкан: милиция мушташкан эркектерди РИИБге өз эрки менен келүүгө чакырдыОш шаарына жаңы сейил бак курулуудаСалык кызматы Бишкекте көмүскө алкоголдук ишкананы аныктадыАвтобуста кызды кармалаган чет элдик жаран Кыргызстандан депортацияланат
Ветеринардык кызмат жыл башынан бери 197 млн сом тапты
10.12.2024 | 13:19
Жыл башынан бери Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык кызматынын атайын эсебине мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн 197 млн 45,4 миң сом акча түштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
План боюнча быйыл Ветеринардык кызмат 91 млн 688 миң сом чогултушу керек болгон. Бирок 11 айда эле 197 млн 45,4 миң сом жыйнаган.
Анын ичинен:
- Ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун атайын эсебине – 103 млн 763,9 миң сом;
- Райондук башкармалыктардын атайын эсебине – 66 млн 767,0 миң сом;
- Ветеринардык дары каражаттары департаментинин атайын эсебине – 26 млн 514,6 миң сом;
Түшкөн акчанын 118 млн 227,3 миң сому эмгек акыны төлөөгө жумшалып, аны менен катар Социалдык фондго 20 млн 394,2 миң, киреше салыгына 11 млн 822,7 миң сом которулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом