Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте үч күн бою азык-түлүк жарманкеси өтөт
10.10.2025 | 16:05

17-19-октябрь күндөрү Бишкек шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы аянтында «Алтын күз» азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жарманке Кыргызстандын айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулууда.
Жарманкеде жарандар Кыргызстандын бардык аймактарынан ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана дыйкан-фермерлердин табигый, таза, сапаттуу, эң мыкты продукцияларын өз баасында, ортомчусуз сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Жарманке текчелерине Ош, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Чүй дубандарында өндүрүлгөн бардык товарлар коюлат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом