Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Бишкектеги жаңы жылдык балатынын оту 14-декабрда жандырылат
10.12.2024 | 17:16
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы башкы жаңы жылдык балатынын оттору 14-декабрда жандырылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара саат 18:30 башталат. Шаар бийлиги жарандарды балатынын отун жандыруу учурун көрүп кетүүгө чакырат.
“Келгиле, жаңы жылдык майрамдардын башталышын чогуу тосуп алалы! Миңдеген шам чырактар жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаар тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом