Кыргызстан санкция тобокелдиктери бар компанияларды жана банктык эсептерди жабуудаКыргызстанда крипторыноктун катышуучуларын текшерүү үчүн бирдиктүү платформа даярдалуудаАйпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыБишкекте мэриянын кызматкерлерине карата 44 материал иликтенип жататБишкек мэриясы: Валиханов көчөсүндөгү көпүрө жыл аягына чейин курулуп бүткөрүлөтБишкектин бир катар райондорунда 29–30-октябрда газ берүү токтотулат
Бишкектеги жаңы жылдык балатынын оту 14-декабрда жандырылат
10.12.2024 | 17:16
Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы башкы жаңы жылдык балатынын оттору 14-декабрда жандырылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара саат 18:30 башталат. Шаар бийлиги жарандарды балатынын отун жандыруу учурун көрүп кетүүгө чакырат.
“Келгиле, жаңы жылдык майрамдардын башталышын чогуу тосуп алалы! Миңдеген шам чырактар жана уникалдуу жасалгалар менен кооздолгон башкы балаты шаар тургундары үчүн биримдиктин жана кубанычтын символу болот”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом