Кыргызстанда 11 айдын жыйынтыгы менен орточо айлык 36 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Былтыркы жылдын 11 айына караганда орточо маяна 12%га өстү.
Эмгек акы эң көп дүң жана чекене соода, унаа оңдоо, курулуш, кыймылсыз мүлк менен операциялар, транспорт ишмердүүлүгү, суу менен камсыздоо, тазалоо, кайра иштетүү тармактарында иштегендердики көтөрүлгөн.