Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
85 кишини батыра алат. Бишкекке жаңы автобустар келди
12.12.2024 | 09:59
Бишкекке ISUZU үлгүсүндөгү 14 жаңы автобус келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал автобустар газ менен жүрүп, экологиялык жактан таза болуп саналат. Жайкысын унаанын ичин салкын кармоо үчүн кондиционер бар.
Шаар бийлиги билдиргендей, бул автобус 85 кишини батыра алат: анын ичинде 21 отургуч бар, калган 64 орун туруп тургандар үчүн.
Тиешелүү жол-жоболордон кийин унаалар каттамга чыгат.
Ушундай эле автобустардан дагы 54ү баскыч-баскыч менен келери пландалууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом