Нарында аялын бычактаган жарандын иши сотто каралууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева күйөөсү бычактаган келинге барып, андан кабар алган. Аял акыйкатчыга учурда өзү жана балдары коопсуз жерде жашап жатканын айтты.
«Мага учурунда тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Мындай коркунучтуу окуядан кийин өзүмө келүүгө жеке кризисттик борбордун психологдору жардам берүүдө. Башында бир гана мага эмес, менин бардык жакындарыма да абдан оор болду. Өзгөчө балдарыма кыйын болду. Алардан ар ким атасы жана мен тууралуу сурай беришти. Азыр бир аз жакшы. Акырындан өзүмө келип, кайрадан балдарым үчүн жашашым керек экенине ынандым. Учурда сот жүрүп жатат», — деди аял.
Окуя соцтармактарга таркап кетери менен кайдыгер эмес жарандар аялга жардам колун сунушкан. Жеке кризистик борборлордун биринин жетекчиси үй-бүлөгө керектүү жардам көрсөтүүдө.
Эскерте кетсек, аталган окуя 31-августта Нарын шаарындагы Он-Арча базарында болгон. 42 жаштагы тургун (М.Н.) базардагы ашканада иштеген аялына келип, ага кол салып, мойнуна жана денесине бир нече жолу бычак сайган. Аялды ошол учурда базарда жүргөн милиция кызматкери Жеңиш Муканбетов куткарып калган.
Кол салган адам кармалып, ага «мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Аялдын айтымында, күйөөсү буга чейин ага кол көтөрүп, сабап жүргөн. Ошондуктан быйыл июль айында балдарын алып, үйүнөн чыгып кеткен. Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар.
Нарында күйөөсү бычактаган аял: Үйүмдү билгенде, өлтүрүп кетмек экен