Корея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйт
Тогуз-Тородо мектеп өрттөндү
16.12.2024 | 09:20
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрт мектепте 15-декабрда болжол менен саат 18:46ларда чыгып, саат 22:28де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт өчүрүүчүлөр мектепке улай салынып, 2020-жылы пайдаланууга берилген ашкананы сактап калган. Ошондой эле жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп, парта ж.б. эмеректер чыгарылган.
Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом