Бишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөт
Тогуз-Тородо мектеп өрттөндү
16.12.2024 | 09:20
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районундагы №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрт мектепте 15-декабрда болжол менен саат 18:46ларда чыгып, саат 22:28де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт өчүрүүчүлөр мектепке улай салынып, 2020-жылы пайдаланууга берилген ашкананы сактап калган. Ошондой эле жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп, парта ж.б. эмеректер чыгарылган.
Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом