Данияр Амангелдиев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык Амангелдиев экономика министри кызматынан бошотулуп, өкмөт башчынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болду.
Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңеште каралат.