Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт
Эртеңден тарта Бишкектен Сокулукка автобус каттай баштайт
18.12.2024 | 18:49
Эртең, 19-декабрдан тарта Бишкектен Сокулукка №32 автобус каттай баштайт. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.
Мэрия каттамга 25 автобус чыгарын, 10-14 мүнөт аралык менен жүрүп турарын кабарлады.
Жол кире шаар ичинде 20 сом, Сокулукка чейин 35 сом болот.
Жаңы каттам ачылгандыктан, №19 автобус каттамы ишин токтотот.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом