Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов каза болду.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылында болот. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты аскердик оркестрдин коштоосунда өтөт. Асек Урманбетов 1923-жылы туулган. Анын 6 баласы жана 68 небереси бар.
Асек Урманбетов Ата Мекендик согуш жана «Кызыл Жылдыз» ордендери, көптөгөн күжүрмөн жана юбилейлик медалдар, ошондой эле «Даңк» медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. «Ак жол» коомдук фондунун президенти катары карыларга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга жардам берип, демөөрчүлүк көрсөтүп келген.
Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине батирлер тапшырылды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз