Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
ОСАГОсу жокторго 2025-жылдын 1-июлунан тарта айыппул салына баштайт
30.12.2024 | 15:10
Унаасы камсыздандырылбаган (ОСАГОсу жок) жарандарга 2025-жылдын 1-июлунан тарта айыппул салына баштайт. Тиешелүү токтом өкмөт тарабынан кабыл алынды.
Буга чейин ОСАГОсу жокторго 1-январдан тарта айып салына турган болгон. Бирок айдоочулардын көбү ОСАГО ала элек болгондуктан, Экономика министрлиги айыппул 1-июлдан тарта салынсын деген сунуш киргизген.
Унаасы камсыздандырылбаган жарандарга 3 миң сом айыппул каралган.
Каржы рыногун жөнгө салуу кызматы белгилегендей, аталган норма компания-ишканалар, анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, ошондой эле чет өлкөлүк (чет жакта катталган) унаалар үчүн 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. ОСАГОсу жок болгону үчүн аларга 13 миң сом айыппул каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом