Бишкекте жаңы №62 автобустук каттам ишке киргизилдиКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 84%ды түздүКыргызстан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен жарандарды эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөКыргызстанда зер буюмдарын легалдаштыруу аяктады: суммасы 16,8 млрд сомдон аштыОш шаарында Мамлекеттик туунун 34 жылдыгы белгилендиКыргызстанда нан кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан?
УКМК: Бишкек электр тармактарынын инспектору 1 млн сом пара менен кармалды
31.12.2024 | 10:04
“Кыргызстандын улуттук электр тармагы” компаниясына караштуу Бишкек электр тармактары ишканасынын улук инспектору пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Бишкек электр тармактары ишканасынын техникалык коопсуздук кызматынын улук инспектору (К.С.) жаңы көп кабат турак үйлөрдү электр жарыгына кошууга керектүү документти берүүдө курулуш компаниялардан акча опузалап келген.
Ал 25-декабрда 1 млн 50 миң сом алып жатканда кармалган. Шектүү № тергөө абагына камакка алынды.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.