Жогорку Кеңеште жаңы депутат пайда болдуКыргызстанда беш жылдын ичинде электр энергиясын керектөө 25%дан ашык өстүКыргызстанда жумуртка, өсүмдүк майы жана сүт арзандады — Айыл чарба министрлигиКыргызстанда спутниктик интернет ишке киргизилет. Адылбек Касымалиев Starlink’тин директору менен жолугуштуУлан Маматканов Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалдыТИМдин мурдагы башчысы Чыңгыз Айдарбековго айып тагылды – толугураак
УКМК курулуп жаткан көп кабат үйдөгү 15 батирди мамлекетке алды
08.01.2025 | 16:32
Бишкекте курулуп жаткан көп кабат үйдүн 15 батири мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Аталган объект Ак-Өргө конушунда Ахунбаев жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде салынууда. Жаңы үй тургузулуп жаткан 20 сотых жер биринчи алган ээлерине (жеке адамдарга) мыйзам бузуу менен берилген. Жер тилкелерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бул үйдүн 15 батири мамлекетке алынган. Алардын жалпы аянты 897 чарчы метрди түзүп, баасы 89 млн 367 миң сомго жетет. 10 кабат болуп тургузулуп жаткан үйдүн курулушу 2027-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт деп пландалууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом