GTA 6 чыкты: оюн Metacritic сайтында 100дөн 99 балл алдыКыргызстанда быйыл 2,3 млн тоннадан ашуун дан эгини жыйналдыБишкекте 17 жаштагы спортчу кызга кол салуу: шектүү азырынча табыла элекӨлкөдө күн кайрадан жылыйт: 19-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстанда алгачкы венчурдук фонддордун бири — SCP Venture Fund ишин баштадыКара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — Туманбаев
Бишкекте түн ортосунда шаар тургуну тонолгон. Шектүү кармалды
08.01.2025 | 17:42
Бишкекте тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча 30-декабрга караган түнү болжол менен саат 01:30да Асанбай кичирайонунда белгисиз адам шаар тургунуна күч колдонуп, 6 миң сом тартып алган. Ал 1-январда милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “тоноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 24 жаштагы жаран (Т.Э.) кармалган. Учурда анын башка ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы текшерилүүдө. Мындан улам милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, 0707 52 52 22 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.