Бюджетке пайдабы же зыянбы? Унаа салыгы жоюлуп, күйүүчү майдын литринен 1 сомдон алынат

Бюджетке пайдабы же зыянбы? Унаа салыгы жоюлуп, күйүүчү майдын литринен 1 сомдон алынат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-январда унаа салыгы жоюла турганын кабарлады. Ал 1-январдан тарта жаңы жыйым кирип, күйүүчү майдын ар бир литринен 1 сомдон алына баштаганы менен байланыштуу.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы январь-ноябрь айларында бюджетке унаа салыгынан 1 млрд 198 млн сом түшкөн. Анын 1 млрд 31 млн 201,4 миң сомун жарандар, 166 млн 911,5 миң сомун юридикалык жактар төлөгөн.

Ал эми 2023-жылы унаа салыгынан 1 млрд 81 млн 268,6 миң сом түшкөн. Анын 960 млн 22,8 миң сому жарандардан, 131 млн 245,6 миң сому юридикалык жактардан чогулган.

Монополия кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жылына 1,2 млн тонна, күнүнө орточо 3 миң 288 тонна күйүүчү май керектелет. Ал 3 млн 288 миң литрди түзөт. Ошондо жаңы жыйым (ар бир литрден 1 сомдон) алына баштаса, мамлекетке күнүнө 3 млн 288 миң сомдон түшүп турат. Ал эми жылына 1 млрд 200 млн 120 миң сом түшөт.

Ошол эле учурда Кыргызстанда күйүүчү майды керектөө жыл сайын көбөйүп жатканы айтылып, керектөө жылына 1,4 млн тоннага жеткен деген маалыматтар. Мындай учурда бюджетке кеминде 1 млрд 400 млн сом чогулат.

Унаа салыгы жоюлуп, бересеси барлардын карызы кечилет

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>