Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Балбан Асан Жанышов экинчи жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болду
09.01.2025 | 18:04
Балбан Асан Жанышов грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.
87 кг салмакта күч сынашкан Жанышов финалда Азат Салидинов менен кез келди. Ал атаандашын беттештин экинчи бөлүгүндө 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Муну менен Асан Жанышов экинчи жыл катары менен Кыргызстандын чемпиону болду. Былтыр да ал финалда Азат Салидиновду утуп, чемпион атанган.
Грек-рим боюнча өлкө чемпионаты 8-январда башталган, бүгүн, 9-январда жыйынтыкталат.
https://reporter.kg/olimpiadaga-karaj-zhol-zhash-balban-asan-zhanyshov-olko-chempionu-boldu-video/
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт