Раззаков шаарында кыш чыгарган ишкана мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган кыш заводу 1994-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, анын 30% үлүшү гана мамлекетте калган. Андан бери ишкананы иштеткен «АООТ-Исфана» компаниясы тарабынан мамлекетке дивиденддер төлөнгөн эмес.
УКМК компаниянын акционерлери жана төрагасы А.Д. Анарботоев менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ишкана 1,2 гектар жери менен ыктыярдуу түрдө Раззакрв шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилген. Ал 226 млн 44 миң сомго бааланат.