Спутниктен баштап фермердик азыктарга чейин: Бишкектеги «АгроТехЭкспо — 2026» эмнеси менен таң калтырдыБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуЖогорку Кеңештин төрагасы Бишкекте өтө турган тоо саммитине япон делегациясын чакырдыAsman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү24-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан жана кар жаашы күтүлөтНарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке кирет
Базар-Коргондо УКМК салыкчыны кармады
13.01.2025 | 10:43
Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салык кызматкери (О.С.А.) мүлк жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу жөнүндө маалымкат алуу, салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлерге салык чендерин азайткандыгы үчүн пара алып жүргөн.
Ал 9-январда кармалган. Салыкчыга Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.