Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы кылмыштары ачыкка чыктыМосквада «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдери коюлдуТИМ АКШда миграциялык текшерүүлөр күчөтүлгөнүн билдирип, жарандарга сунуштарды бердиНарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалдыБүгүн ЖРТга кышкы каттоо башталдыБишкектеги жаңы стадион “Азаттык Арена”, конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды
Бишкектеги Лениндин эстелигин алып, Усубалиевдикин коюу сунушталды (видео)
15.01.2025 | 12:29
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев Бишкектеги Тарых музейинин аркасындагы Владимир Лениндин эстелигин алып, анын ордуна Турдакун Усубалиевдин эстелигин орнотууну сунуштады.
Сыдыгалиевдин айтымында, бул маселе боюнча ага Нарындын Кочкор районунун тургундары кайрылган.
“Бишкектеги эски аянтка 2020-жылы Турдакун Усубалиевдин аты берилген. Эски аянт жакта Лениндин эстелиги турат. Лениндин эстелигин алып туруп, Турдакун Усубалиевдин айкелин коелу”, – деди ал.
Ал Усубалиев мамлекеттин калыптанышына, өнүгүшүнө чоң салым кошконун айтты.
Турдакун Усубалиев СССР убагында 24 жылдан ашык Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. Ал 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор районунда туулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом