11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
Акылбек Жапаровдон кийин иниси кызматтан кетти (видео)
15.01.2025 | 16:44
Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Жапаров Рахатбек Үсөнбекович кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен жазган арызнын негизинде 14-январда ээлеген кызматынан бошотулган. Бул кызматта ал 2020-жылдын 16-октябрынан бери иштеди.
Белгилей кетсек, Рахатбек Жапаров мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун иниси. Былтыр сентябрда ал президенттин колунан генерал-майор наамын алган.
Ал эми агасы былтыр 16-декабрда өкмөт башчы кызматынан кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом