КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
УКМК 4 кайгуул кызматкерин кармады
15.01.2025 | 15:51
Бишкекте Милициянын кайгуул башкармалыгынын 4 кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Шектүү катары Т.С., И.К., З.Б. уулу жана А.К. аттуу кызматкерлер кармалган. Алар жол кырсыгына кабылып, айып короосунда турган унаалардын ээлерине ар кандай тоскоолдуктарды жаратып келген. Унааны айып короодон чыгарып кетүү уруксат берүү үчүн аларды акча берүүгө мажбурлашкан.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом